Президент ядролук медицина борборунун иши менен таанышты

Президент ядролук медицина борборунун иши менен таанышты

Мамлекет башчысы Президенттин иш башкармалыгынын медициналык борборунун ооруканасынын иши менен таанышты. Касым-Жомарт Токаев Ядролук медицина борборун жана аяк оона айында ачыла турган жаңы терапиялык-диагностикалык бөлүмдү көрүп чыкты. Инновациялык мекеменин өзгөчөлүгү - азыркы учурда дүйнөлүк медицина тармагында жеткиликтүү позитрондук-эмиссиялык компьютердик томография менен жабдылгандыгында. Сканерлөө ылдамдыгы жогору бул жабдык диагноз коюу сапатын арттырат. Белгилей кетсек, аппарат учурда Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүндө теңдеши жок. Президент дарыгерлер жана илимпоздор менен талкуу жүргүзүшүп, борбордун ишмердүүлүгү жарандардын ден соолугун чыңдоого жана заманбап медициналык технологияларга жеткиликтүүлүгүн арттырууга кызмат кылаарына ишенишээрин билдиришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков