«Кызыл оба» ЮНЕСКОнун тарыхый-маданий мурастар тизмесине киргизилиши мүмкүн

«Кызыл оба» ЮНЕСКОнун тарыхый-маданий мурастар тизмесине киргизилиши мүмкүн

Түндүк Казакстан облусундагы уникалдуу «Кызыл-Оба» археологиялык эстелигинин аймагынан таш дооруна таандык артефакттар табылды. Бул дамбалар жана арыктар түрүндөгү байыркы сугаттын издери. Ошондой эле ондон ашык көрүстөндөр ачылды.

Ракат Мамбеталинов, Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу борборунун мүдүрү:

- Негизги көрүстөндө казуу иштери учурунда табыт менен көмүлгөн мүрзөлөр аныкталган. Баары салт боюнча жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, адам башка жерде курман болсо, аны бул жерге алып келип көмүшкөн - деген пикирлер бар. Кошумчалай кетсек, мындай мүрзөлөрдүн болушу көмүлгөн адамдар жөн эле адамдар эмес экенин билдирет. Себеби, мүрзө салууга байдын да чамасы жеткен эмес. Ал кезде белгилүү бир иерархия болгон.

Археологиялык казуу иштери учурунда дагы бир ачылыш жасалды. Окумуштуулар  орто кылымдагы шаарчанын ордунан кийин энеолит дооруна таандык экспонаттарга туш болушкан.

Сауле Рахымжанова, Казакстандын улуттук музейинин илимий кызматкери:

- Таш кайрактар, нуклеус сыныктары, жебе учтары, кыргычтар, табактар, чиптер, степлер, тиштеген аспаптар. Мына ушуларды карап, 8 миң жыл мурун бул жерди адамдар мекендеген - деп айтууга болот. Алар аңчылык кылып, терилерди иштетишкен.

Келээрки жылы казуу иштерине Улуу Британиядан археологдор кошулат. Ал арада ата мекендик илимпоздор тарыхый эстеликти ЮНЕСКОнун тарыхый-маданий мурастар тизмесине киргизүү боюнча документтерди чогултуп жатышат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков