Казакстан менен Корея ортосундагы маданий байланыш

Казакстан менен Корея ортосундагы маданий байланыш

Казакстанда дүйнөгө белгилүү корей сүрөтчүсү Пак Дэ Сонгдун "Түбөлүк" аттуу жеке көргөзмөсү ачылды. Кылкалем чеберинин Улуттук музейдеги көчмө экспозициясында корей элинин көркөм сүрөт искусствосунун эң жаркын үлгүлөрү бар. Негизинен сүрөтчүнүн пейзаждык эмгектери коюлган. Бардыгы болуп Күн чыгыш өлкөсүнөн 23 уникалдуу картина сунушалган. Иш-чара Казакстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын жана былтыр, быйыл жарыяланган эки өлкөнүн маданий карым-катнаштарынын жылынын алкагында уюштурулду. Жакында Туңгуч Президент музейинде жана Корей маданият борборунда Пекче доорун чагылдырган салттуу балдар кийимдеринин көргөзмөлөрү ачылат. Жыл аягына чейин бул тартиптин уландысын бекемдей турган маданий иш-чаралар муну менен эле чектелип калбайт.

Ли Херан, Казакстандагы Корей маданий борборунун мүдүрү:

- Ушул жуманын ишемби күнү саат 17:00дө Корей маданий борборунун сайтында Сеул искусство борборунун аткаруусундагы "Бейиштеги бий" балетинин онлайн трансляциясын тартуулайбыз. Спектакль Кореянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн эр жүрөк инсан тууралуу баяндайт. Андан сырткары аяк оона айынын 8де чакан түшүм майрамын уюштурабыз. Эртеси күнү “Астана Опера” театрынын 10-мааракелик сезонунун ачылыш аземинин алкагында дүйнөгө белгилүү корей сопраносу Суми Чендин катышуусунда “Гало-Опера” аттуу классикалык кече өтөт. Ушул жана башка маданий иш-чаралар тууралуу бардык маалыматты расмий сайтыбыздан жана социалдык тармактарыбыздан табууга болот.

Мындан тышкары, жергиликтүү калк корей элинин улуттук тамак-ашынан даам татуу, ашпозчулук боюнча семинарларга, корей тили курстарына жана салттуу бий ийримдерине катышууга мүмкүнчүлүк алат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков