«Жеткиликтүү спорт» долбоору шаар тургундарына жакты

«Жеткиликтүү спорт» долбоору шаар тургундарына жакты

Борбор калаада ат спорт комплексин ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Жаңы объекттин курулушу спорттун улуттук жана олимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүүгө түрткү берет. Жалпысынан бүгүнкү күндө борбор калаанын 406 миңден ашуун тургуну сергек жашоо образын өткөрүшөт. Нина Хайхан көптөн бери физикалык көнүгүүлөр менен машыгып, теннис ойноп, цигун менен да алектенет. Былтыртан бери пенсионер скандинавиялык басуунун ыкмасын өздөштүргөн. Шаар тургундары үчүн «Жеткиликтүү спорт» долбоорунун алкагында таяк менен сейилдөө акысыз уюштурулууда. Буга кошумча, ар бир адам төрт күндүк йога курсуна жазыла алат. Эч кандай чектөө жок, эң башкысы шыктануу керек. Ага көбүнчө улгайган адамдар кызыгуучулук билдиришүүдө.

Жадра Мырзахметова,  машыктыруучу:

- Адамдар абдан шыктануу жана кызыгуу менен келишет. Бирок аба ырайы булуттуу болгон күндөрү көпчүлүгү үйдө отурушат. Болжол менен 20дан ашык адам чогулат. Адатта күн ачык болгондо активдүүлүк жогору болот. Кээ бирлеринин медициналык каршы көрсөтмөсү бар. Мен аларга атайын ыңгайлаштырылган окутуунун белгилүү бир түрлөрүн берем.

Ал эми өспүрүмдөр көбүнчө жогорку жигердүүлүктү талап кылган спортту тандашат. Мисалы, чыгыш күрөш өнөрү. Жасмин жакында каратэден сары курдун ээси болот.

Жасмин Есенбаева,  Нур-Султан шаарынын тургуну:  

- Эгерде кимдир бирөө менин топумду тартып алууга аракет кылса же күч көрсөтө турган болсо мен өзүмдү коргой алам. Ошондуктан каратэ ийримин тандадым.

“Жеткиликтүү спорт” долбоору борбор калаада былтыр күзүндө башталган. 2021-жылдын бештин айына карата тренингге 20 миң адам катышты. Быйылкы жылдын жазынан бери бул спорттук кыймылга Казакстандын дагы 6 шаары тартылган.

Ажар Ахметбекова, Нур-Султан шаардык спорт дирекциясы бөлүмүнүн башчысы:

- Шаар тургундары өздөрүнүн парктарында уюштурулган тренингдерге катыша алышат. Скандинавия стилинде басуу, чуркоо, каратэ, стол тенниси, фитнес сыяктуу ийримдер бар. Алар жумасына үч жолу болот. Бул долбоор кыш мезгилинде улантылат, бирок жабык имараттын ичинде өткөрүлөт.

Борбор калаада жашоочулардын 33% спорт менен жигердүү алектенет. 2025-жылга чейин бул көрсөткүчтү 35%га жеткирүү пландалууда. Борбор калаанын тургундары спорттун 113 түрү менен машыга алышат. Алардын 36сы өзгөчө муктаждыгы бар адамдарга арналган.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков