Коло доорундагы экспонаттар коомчулукка сунушталат

Коло доорундагы экспонаттар коомчулукка сунушталат

Костанай облусундагы Андронов маданиятынын уникалдуу көрүстөнүндө казуу иштеринин жүрүшүндө табылган жаңы артефакттар баш оона айынын аягында өтө турган байыркы технологиялар жана маданий коммуникациялардын эл аралык фестивалына коюлат. Новоилинов конушунун жанында учурда казуу иштери улантылып жатат. Археологдордун айтымында, көрүстөндөрдөн байыркы Батыш Европанын жана талаа урууларынын көчмө практикасын тастыктаган далилдер табылган. Мисалы, байыркы коло доорунда жылкынын колго үйрөтүлгөнү аныкталып жатат. Буга көрүстөндөрдөн табылган жүгөндүн бөлүктөрү далил.

Эмма Усманова, археолог:

- Бул жерден уникалдуу жасалга табылды. Ал Лисаков атындагы музейде сакталып турат. Мен аны Сербиядан алынып келинген айкелдерге окшоштурдум. Коло доорунда Балкан колосунан жасалган. Башкача айтканда, бул мончок илгертеден аял-кудайлардын айкелдерине илинген. Башкасын айтпаганда да, көрүстөн дагы бир терең тарыхты камтышы мүмкүн. Коло доорундагы уруулардын акылын чагылдырган глобалдык байланыштын далили. Анын өзгөчөлүгү мына ушунда.

 Көрүстөндө орус окумуштуулары казакстандык изилдөөчүлөр менен биргеликте изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат. Артем Якимовдун эмгеги топуракка карап,  көрүстөндөрдүн жашын аныктоого негизделет.

Артем Якимов, жер криосферасы институтунун жетекчи илимий кызматкери:

- Көрүстөндүн өзгөчөлүгү - ар кайсы доорго таандык дөбөлөр бар. Ошондуктан, биз үчүн чоң жетишкендик. Себеби, жок дегенде аймактагы тизмени калыбына келтирсек болот. Мисалы, шарттуу түрдө бул жерде коло, эрте темир доору, орто кылым деп, ошол мезгилде кандай өзгөрүүлөр болгонун айта алабыз. Биздин заманга чейинки динамиканы да байкоого болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков