«Астана Опера» сахнасында Карагандыдан келген артисттер концерт коюшту

«Астана Опера» сахнасында Карагандыдан келген артисттер концерт коюшту

Караганды музыкалык комедиялык театры гастролдук иш-сапары менен Нур-Султанга келди. Уникалдуу чыгармачылык өнөрдү көрсөтүү аянтчасы катары команда «Астана Операны» тандап алган. Бул жерде артисттер шаар тургундарына жана конокторуна мюзиклдерди, оперетталарды, жомокторду тартуулоону пландап жатышат. Алардын бардыгы симфониялык оркестрдин коштоосунда болот. Ага конок катары чакырылган Беларустан келген маэстро — Николай Макаревич дирижерлук кылат.

Николай Макаревич, Беларус музыкалык театрынын дирижёру:

- Бул гастролдор мен үчүн абдан кызыктуу, анткени дагы эле Минскиде, Беларуста иштейм жана Казакстанга чакыруу менен учуп келип, спектаклдерди колдоого аракет кылам, бирок бул мен үчүн кандайдыр бир сынак болуп калышы мүмкүн.

Караганды театрынын жетекчисинин айтымында, борборго гастролдук сапар алардын 50 жылдык театр сезонунун ачылышына туш келди. Айрыкча Нур-Султан шаарынын тургундары, коноктору үчүн театралдык жана музыкалык искусствону айкалыштырган ар тараптуу программа даярдашкан.

Амантай Ибраев, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, Караганды академиялык музыкалык театрынын жетекчиси:

- Бул жолу биз эң сонун репертуарды, биздин доордун эң көрүнүктүү композиторлорунун бири Баскиндин керемет спектаклин, Бродвей жанрындагы мюзиклдин мыкты традицияларында жазылган «Кентервилл сепилинин элеси» мюзиклин алып келдик. Театрыбыздын негизин түзгөн  “Цирк ханышасы” жана Максим Дунаевскийдин “Кызыл жел кеме” мюзиклдери театр тармагында дээрлик мейкиндигинде суроо-талапка ээ болгон өчпөс классиканы баарын коебуз.

Маргарита ТУребекова, Караганды музыкалык академиялык театрынын артист-инструменталисти

- Бул окуяга абдан ыраазыбыз, биз үчүн чоң сыймык. Иш жүзүндө толук командабыз, симфониялык оркестр, дээрлик толук труппа, хор, балет, оркестр, солисттер бар. Кийинки дем алыш күндөрү дагы келебиз, андан кийин ушул айдын 25де Алматыга гастролубуз болот. Көрүүчүлөрдү ыраазы кылуу үчүн бардык чыгармачылык күчүбүздү жумшайбыз.

Баш оона айынын аягында өлкөнүн башкы шаарына Карагандынын артисттеринен тышкары Түркстан музыкалык драма театрынын труппасы келет. Алар «Астана Опера» театрынын сахнасына бул айдын 27-28-күндөрү чыгышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков