Абай облусунан эрте коло доорунун эстеликтери табылды

Абай облусунан эрте коло доорунун эстеликтери табылды

Казакстандын Абай облусунан алгачкы коло дооруна таандык эстеликтер табылды. Евразия улуттук университетинин окумуштуулары мындан 3,5 миң жыл мурунку көмүлгөндөрдү, ошондой эле тиричилик буюмдарын жана таш жазууларды аныкташкан. Археологдордун айтымында, жылкыны көмүү салты ошол мезгилде да болгон. Көрүстөнгө "Ордо эстелиги" деп аталыш берилди. Бул жерде 200гө жакын эстелик бар. «Келечекте жол жээгинде жер астындагы музей ачса болот» - дешет археологдор.

Улан Үмиткалиев, археолог:

- Мунун бир керемети, биз бул жерден бардык көрүстөн эстеликтерин, конуштарды, эрте коло дооруна таандык таштардагы петроглифтерди таап, тизмектеп, алардын паспортторун жасап жатабыз. Келечекте бул эстелик изилдене турган болсо, 35 кылым мурунку тарыхый экспонаттар табылат - деп ойлойм.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков