Алматынын башкы планын түзүүдө шаар тургундарынын пикири эске алынат

Алматынын башкы планын түзүүдө шаар тургундарынын пикири эске алынат

Калаа тургундары жана анын коноктору эми Казакстандын эң ири мегаполиси – Алматынын жашоосун жакшыртуу үчүн өз идеяларын кошо алышат. Бул үчүн урбанистикалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Сурамжылоо аркылуу шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча пикирлердин жана сунуштардын анализин аныктоо көздөлүп жатат. Ага 20 миңдей адам катышаары күтүлүүдө. Каалагандар Алматы шаарындагы LED-экрандарында, аялдамаларда жана коомдук транспортто орнотулган QR коддон өтүүгө тийиш. Анкета 43 суроодон турат, аны эки мекеме – “Алматы башкы планы” изилдөө институту жана шаардык акимиаттын колдоосу менен Колдонмо шаар таануу институту иштеп чыккан. Алынган маалыматтардын негизинде мегаполистин башкы планына оңдоп-түзөөтүүлөр киргизилет.

Асхат Садуов, «Алматы баш планы» изилдөө институтунун мүдүрү;

- Алматылыктар кантип көчүп баратат, коммерциялык, маданий функциялар, киреше, аймактарды кантип өнүктүрүү керек? - деген толгон-токой суроолор бар. Ошондой эле алар генпланды ишке ашырууга катышууга даярбы? - деген суроолор турат. Дүйнө жүзү боюнча бардык өнүктүрүү долбоорлору ушул изилдөөдөн башталат, маалыматтарсыз чечим кабыл алуу абдан кыйын. Бул деген шаарда пайда болгон айрым маселелерге жооп берүүгө мүмкүндүк бере турган маалымат базасы болуп саналат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков