Телефон номерлерди каттоодо биометрикалык идентификациялоо системасы киргизилет

Телефон номерлерди каттоодо биометрикалык идентификациялоо системасы киргизилет

Казакстан жасалма номурларды жаап, уюлдук телефон номерлерин каттоодо биометрикалык идентификациялоо системасын киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри социалдык тармакта билдирди. Багдат Мусиндин айтымында, бул багытта ички иштер органдары менен биргеликте иш жүргүзүлүүдө. Буга чейин Ички иштер министрлиги интернет жана телефон аркылуу элди сызга отургузуп кеткендер акыркы жылдары абдан жигердүү болуп жатканын билдирген. 2016-жылы 1000ге жакын кылмыш катталса, былтыр 21 миңге жеткен. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери 11 миң 700дөн ашык факт катталган. Бүгүнкү күндө байланыш операторлорунун уруксатсыз трафикке каршы өз ара аракеттенүү схемасы иштелип чыгып, жүзөгө ашырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков