Караганды облусунда археологдор эски жез казан таап алышты

Караганды облусунда археологдор эски жез казан таап алышты

Караганды илимпоздору үчүн  археологиялык мезгил олжолуу болду. Талды тарыхый-археологиялык паркында казуу иштеринин жүрүшүндө 25 килограмм салмактагы жез казан табылды. Байыркы экспонатты учурда квалификациялуу адис, консервация жана реставрациялоонун жеке методунун автору Крым Алтынбеков изилдеп жатат.

Крым Алтынбеков, илимий-реставрациялык лабороториянын жетекчиси:

- Бул биздин заманга чейинки 3-4-кылым. Жетисуулукка окшойт. Бирок экспонат эмне үчүн бул жерден табылганы белгисиз. Археологдор аны ритуалдык дөбө - деп аташат. Иликтөө учурунда баарын аныктайбыз.

Идиштин ичинен байыркы темир дооруна таандык кымбат баалуу буюмдар табылган. Бул коло менен кооздолгон ат жабдыктарынын түрлөрү. Зер буюмдарын сактоо жана тазалоо талыкпаган эмгекти талап кылат.

Игорь Кукушкин, археолог:

- Эң кызыктуу табылга жаныбарлардын элеси. Аттардын сүрөттөрүнөн күлүктөрдү да көрүүгө болот. Жырткыч айбандардын сүрөттөрү да бар. Жолборстун тиштери атчанды коргоодо сыйкырдуу роль ойногон. Же анын кайсы уруудан болоорун айгинелеп турат.

Өлкөдө ушундай бир нече казандар бар. Алар алыскы Жетисуу аймагынан табылган. Жаңы артефакт бир нече ай бою кылдат изилденет. Ал кайсы музейге коюлаарын республикалык комиссия жакында чечет.

 

 Которгон: Илгиз Жамалбеков