Алматы эл аралык конгресстер жана конференциялар ассоциациясына мүчө болду

Алматы эл аралык конгресстер жана конференциялар ассоциациясына мүчө болду

Алматы шаары эл аралык конгресстер жана конференциялар ассоциациясына мүчө болду. Серепчилердин айтымында, бул ишкердик туризмди эл аралык аренада өнүктүрүү планынын бир бөлүгү. Ага кирүү ар кандай туристтик уюмдар менен жаңы өнөктөштүктү түзүүгө мүмкүндүк берет. Алматыда жылына 20га жакын эл аралык деңгээлдеги бизнес иш-чараларды өткөрүү көздөлүүдө. Белгилей кетсек, ага 88 өлкөнүн 950 шаары мүчө. Эл аралык конгресстер жана конференциялар ассоциациясынын 2020-жылдагы рейтингине ылайык, Казакстан бизнес-туризм боюнча дүйнөдө 79-орунда турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков