Нур-Султандын тарыхый жайларына жөө экскурсиялар

Нур-Султандын тарыхый жайларына жөө экскурсиялар

Борборду жаңы өңүттөн таануу. Жай айларынын ар бир дем алыш күндөрү архитектор Темиртас Ыскаков борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн жөө саякаттарды уюштуруп келет. Бүгүнкү күндө бул экскурсиялар тез эле эл арасында популярдуулукка ээ болууда. Алардын көбүн мындай сейилдөөлөрдүн мазмуну кызыктырат.

Темиртас Ыскаков, Fading.TSE шаардык изилдөө платформасынын негиздөөчүсү:

- Жөө жүрүш учурунда мындан 150-160 жыл мурун курулган имараттарды көрүп таң калып жатышат. Өзгөчө алардын ар түрдүүлүгү кызыктырат. «Айнектен жасалган шаар эмес» багытында шаардын айнек жана бетондон курулган имараттары гана эмес, кирпичтен, жыгачтан жасалган объектилер да көрсөтүлөт.

Ал эми экскурсияга катышуучулар борбордук шаардык стадион жанындагы чакан бакчада жолугушат.

Марк Брюшко,  кабарчы:

- Тур башталганда бул стадион да тарыхый жер экенин көпчүлүк билбесе керек. Бул өткөн кылымдын 30-жылдары Акмоло чебинин ордуна курулган. Анын негизги дарбазасы эски сүрөттөрдөгү атактуу мунара турган жерде жайгашкан.

Экскурсиянын катышуучулары жакынкы эки-үч сааттын ичинде борбор шаарды башка өңүттөн тааныйт. Алардын арасында соода жана темир жолу бар Акмоло, неоклассикалык жана модернисттик Целиноград, өлкө борборунда эң алгач тургузулган монументтер  бар.

Бул сиз көрүп жаткан үйлөр совет доорунан калган. Биз мындай архитектура үлгүсүндөгү үйлөрдү дагы деле жолуктура беребиз. Абдан бекем, эч кандай жасалгасы жок. Буларда согушка чейинки жана андан кийинки мезгилдин белгилери камтылган.

Саякатчылардын айтымында, алар барган 15 тарыхый жерлер көпкө чейин эстеринде калат.

Марат Хамидуллин,   Томск шаарынын тургуну:

- Эгерде Целиноград, Астана, Нур-Султан шаарларын айта турган болсок, бул бизге мындан 24 жыл мурда гана курулган жаңы шаардай сезилет. Көптөр анын эски бөлүгүн кыдырып, көрө элек. Алар калаанын сол жээгине бат-бат келип турушат. Ошондуктан элди илгеркилердин көзү менен тааныштырууну туура көрдүк.

Бул экскурсияга катышкандар эми 19-кылымда борбордун аянты кандай болгондугу тууралуу так жооп бере алышат. Маселен, ал атактуу Целинник сарайынын кандайча курулганын, анын дизайнын, ошондой эле Акмоло чебинин кандай курулуштары бүгүнкү күнгө чейин сакталып калганын билет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков