Касым-Жомарт Токаев Премьер-министрдин орун басары Ералы Тогжановду кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Премьер-министрдин орун басары Ералы Тогжановду кабыл алды

Президентке казакстандыктардын кирешесин көбөйтүү программасы боюнча баяндама берилди. Вице-премьер-министр Ералы Тогжанов Касым-Жомарт Токаевге 2025-жылга чейин инвестициялык долбоорлордун алкагында 2 миллиондон ашык жумуш ордун түзүү көздөлүп жатканын билдирди. Алардын 444 миңи быйыл ачылат. Ал эми теке айынын 1не карата 249 миң адам иш менен камсыз болгон. Бул жылдык пландын 56 пайызына туура келет. Ошондой эле, ал өкмөттүн социалдык милдеттенмелеринин аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, аз камсыз болгон жарандарды экономикага тартуу боюнча комплекстүү чаралар тууралуу баяндады. Жолугушуунун соңунда, мамлекет башчысы элдин кирешесин жогорулатуунун маанилүүлүгүн жана бул улуттук долбоорлордо каралган максаттарга жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. Өкмөткө бул маселелерди өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков