Казакстанда айдоочулук күбөлүктү көрсөтүү милдеттүү эмес

Парламент Сенатынын жалпы жыйынында «Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына жол кыймылы боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам эки окууда каралып, кабыл алынды. Мыйзам долбоору бир катар парламент депутаттарынын демилгеси менен иштелип чыккан. Документ Мамлекет Башчысынын Улуттук Коомдук ишеним кеңешинин жыйынында берген тапшырмаларын ишке ашырууга жана жол кыймылы тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүүгө, жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, автотранспорт каражаттарынын натыйжалуу жана коопсуз иштешин камсыз кылууга багытталган.

НУРЛАН БЕКНАЗАРОВ, РКНЫН ПАРЛАМЕНТИ СЕНАТЫНЫН ДЕПУТАТЫ:

 - Мыйзам долбоорунда Казакстан Республикасында берилген айдоочулук күбөлүктү жана транспорттук каражатты каттоо күбөлүгүн талап кылган норманы колдонуудагы мыйзамдардан алып салуу көздөлүп жатат. Башкача айтканда, унаанын ээсин полиция токтоткон учурда, ал өздүк күбөлүгүн көрсөтүп, аны полиция кызматкери планшет аркылуу электрондук базага киргизип, керектүү документтерин текшере алат.

Демилгечи топтун атынан мыйзамды тааныштырган сенат депутаты  айдоочулук күбөлүктү өзү менен бирге алып жүрүүнү талап кылган эрежелерди сактабагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти алып салууну сунуштады. Башкача айтканда, буга чейин жарандарга айып пул же эскертүү түрүндө жаза колдонулган болсо, анда мындан ары эч кандай жаза түрү колдонулбашы керек.

Белгилей кетүүчү нерсе, аталган мыйзам долбоору Казакстандын жарандары үчүн гана жарактуу. Мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөр менен толуктоолор чет элдик айдоочуларга жана чет өлкө транспортторуна колдонулбайт. Тагыраак айтканда, алар өзү менен бирге бардык керектүү документтерди алып жүрүүгө милдеттүү.