Нур-Султанда беткап режимин киргизүү сунушталууда

Нур-Султанда беткап режимин киргизүү сунушталууда

Баш оона айынын 23нөн тартып Казакстандын баш калаасында  санитардык чектөөлөр киргизилүүдө. Шаар коронавирус боюнча «сары» зонага өткөнүнө байланыштуу, Нур-Султандын тургундары менен меймандарына эл көп чогулган жайларда беткап тагынып жүрүү жана ири жыйындарды оффлайн өткөрбөө сунушталууда. Аларга катышкандардын саны 10 адамдан ашпоосу керек.  Мындан тышкары, класстарды жана группаларды бириктирүү  менен билим берүү иш-чараларын өткөрүүгө тыйуу салынат.  Үй-бүлөсүндө илдетке чалдыккандар аныкталган кызматкерлер, кош бойлуулар жана эмдөөгө каршы көрсөтмөлөрү барлар аралыктан иштөөгө  жөнөтүлөт.  Тийиштүү жарлыкка шаардын башкы санитардык дарыгери кол койду. Ошондой эле, Сархат Бейсенова эмдөө жана ревакцинациялоо аркылуу жарандарды  иммунизациялоо ишин активдештирүүнү тапшырды.

 

Которгон: Назира Бегалиева