Асхат Аймагамбетов билим берүүдөгү жаңычылдыктар тууралуу айтты

Асхат Аймагамбетов билим берүүдөгү жаңычылдыктар тууралуу айтты

Казакстан мектептери жаңы окуу жылын өзгөртүүлөр менен баштайт. Өлкөдө аяк оона айынын 1нен тарта үч тилдүүлүк жоюлат. Мындай чечим ата мекендик жана эл аралык серепчилердин талдоосунун негизинде кабыл алынды. Анын жыйынтыгы башталгыч класстын окуучулары үчүн бир эле учурда үч тилди үйрөнүү кыйын экенин көрсөттү. Ошентип, 1-класстын окуучулары алгач эне тилинде окуганды жана жазганды үйрөнүшөт, андан кийин 2-класска казак же орус тили кошулуп, 3-класста гана башка чет тилин үйрөнүшөт. Бул тууралуу окуу-агартуу министри Асхат Аймагамбетов маалымдап, мектепке чейинки билим берүү тармагындагы жаңылыктарга токтолду. Министр билим берүү борборлорунда балдардын коопсуздугуна байланыштуу талаптарды күчөтүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Асхат Аймагамбетов, Казакстандын Окуу-Агартуу министри:

– Бала бакчаларда ур-токмокко алуулар болсо, алардын жашоосуна, билимине, тарбиясына болгон нормалдуу талаптар аткарылбаса, мындан ары улантууга болбойт. Талаптарды күчөтүү керек. Биринчи кезекте бардык жерге видеобайкоо камераларын орнотуу зарыл. Экинчиси - санитардык жана өрткө каршы талаптарды милдеттүү түрдө сактоо. 9 чарчы метрге 25 балага сабак өткөрүү мүмкүн эмес. Үчүнчү маселе – педагогдордун такшалуусу. Башкача айтканда, балдар менен иштеген адамды көчөдөн алып келүүгө болбойт.

Жогорку класстын окуучулары үчүн жагымдуу жаңылыктар жок эмес. Эми эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Улуттук бирдиктүү тестирлөөдөн бошотулат. Ал экзаменсиз эле каалаган ата мекендик университетке кире алат. Ошондой эле, эл аралык интеллектуалдык таймаштардын жеңүүчүлөрү болгон окуучуларга 4 миллион 500 миң теңгеге чейин жөлөк пул берилет. Алардын мугалимдерине жана насаатчыларына материалдык жактан кызыктыруу да каралган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков