Казакстанда дары-дармектердин чектүү баасы каралып жатат

Казакстанда дары-дармектердин чектүү баасы каралып жатат

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармектердин чектүү баасын карап жатат. Бааларды жакынкы аралыкта бекитүү көздөлүүдө. Азыр ага дүң жана чекене сатуу үчүн 7705 даана дары кирген долбоор түзүлүүдө.  Буга чейин тизмеде 7256 дары-дармек бар болчу. Жалпысынан препараттардын баасынын 88%ы өзгөрүүсүз калды, 10%ы кымбатташы, 2%ы арзандашы күтүлүүдө.

Фархат Оразалы, Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин медицина-фармацевтикалык көзөмөлдөө комитетинин басма-сөз катчысы:

- Азыркы учурда тиешелүү эсептөөлөр жүргүзүлүп жатат, баанын лимиттерин бекитүүдө эске алынышы керек болгон белгилүү механизмдер бар жана монополияга каршы орган менен макулдашылгандан кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги 2 жарым жылдык үчүн баалардын лимиттерин бекитет. Баа чектөөлөрү менен дары-дармек каражаттарынын оптималдуу баасын кармап турууга жана негизсиз ашыкча кымбаттоосун  алдын алууга болот.

Эске салсак теке айынын 1нен тарта Казакстанда дарыларды милдеттүү түрдө таңгактоо киргизилген. Анын жардамы менен дарыларды өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейин байкоо салууга болот. Тиешелүү башкармалыктын айтымында, жаңычылдык препараттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө жардам берет жана жалпысынан дарылардын баасына таасир этпеши керек. Ишкерлерге өз убагында таңгак жасабаганы үчүн 400 миңден 3 миллион теңгеге чейин айып пул салынат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков