Казакстандын Түштүгүндө жоокер аялдын көрүстөнү табылды

Казакстандын Түштүгүндө жоокер аялдын көрүстөнү табылды

Өлкөнүн түштүгүндө аял жоокердин сөөгү табылды. Археологдор ак сөөктүн өкүлү биздин заманга чейинки 11-кылымдан биздин замандын 4-кылымы аралыгында жашаган деп болжолдоп жатышат. Ал азыркы Казакстандын аймагында жашаган көчмөндөр уруусун жетектеген болушу мүмкүн. Окумуштуулар өлкөдө куралчан аялдын көмүлгөн жери биринчи жолу табылып жатканын айтышууда. Көрүстөндөн жебе, жаа жана канжар чыккан. Казуу учурунда алтын жалатылган мончоктор, колодон жасалган зер буюмдар да табылган. Профессор Александр Подушкиндин айтымында, аялдын сөөгү бери дегенде 17 кылым бою жерде жатканы менен жакшы сакталган.

Александр Подушкин, археолог, профессор:

- Көрүстөндүн диаметри 22-25 метрди түзөт. Бул жерде кадырлуу инсандын сөөгү коюлганын анын көлөмүнөн билсе болот. Ал белгилүү бир топтун лидер аялы да болушу мүмкүн. Түштүк Казакстан этникалык сарматтардын аймагы болуп эсептелбейт. Бирок биздин материалдар бул байыркы адамдардын тобу, тагыраагы «азиялык сарматтар» деп аталган топ Түштүк Казакстандын аймагында болгондугун тастыктайт. Бул маанилүү илимий маалымат.

Кошумчалай кетсек, коңшу көрүстөндөн дагы бир байыркы аялдын сөөгү табылды. Тарыхчыларды анын жеке буюмдары, коло күзгү жана ийнеси кызыктырган.

Екатерина Асадчева,  студент:

- Күзгү адамдын элеси сыяктуу. Бирок аны сындырып салышкан. Кандайдыр бир сөөк коюу аземи болсо керек.

Ошондой эле, 2000 жылдык тактайча археологдордун көңүлүн бурат. Карапа тактайча Күлтөбе шаарынан табылган. Бул экспедициянын 26-олжосу болуп саналат.

Археологдордун айтымында, табылгалар байыркы көчмөн элдин цивилизациясы жогорку деңгээлде болгонун айгинелеп турат. Экспонаттар Казакстандын Улуттук музейине өткөрүлүп берилет. Ал эми казуу иштери жүргүзүлгөн аймак кайра калыбына келтирилет. Тарыхый пейзаж ошол учурга шайкештендирилет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков