«Анык казак казак эмес, анык казак - домбра!»

«Анык казак казак эмес, анык казак - домбра!»

Алдыдагы жекшембиде казакстандыктар Улуттук домбра күнүн белгилешет. Улуттук аспапты даңазалоого карата бир катар иш-чаралар башталды. Алардын бири борбор калаада өткөн күү кербени. Анда 40тан ашык окуучу бир учурда «Эрке сылкым» менен «Кимешек» күүсүн аткарып, улуттук наркты даңазалоонун жакшы үлгүсүн көрсөтүштү. Мындан тышкары, ал өлкөнүн башка өнөрпоздоруна чакырык жолдоду.

Ержан Ерсайын уулу, «Коомдук келишим” РММ ага серепчиси:

- Негизинен казак менен домбра эгиз түшүнүк. Атадан калган сөз бар: “Анык казак казак эмес, анык казак- домбра”. Ушул сөздүн негизинде биз бүгүн жаш өнөрпоздорду чогултуп, челендж уюштуруп жатабыз. Иш-чаранын максаты — жаш муундар арасында улуттук баалуулуктарыбызды даңазалоо болуп саналат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков