Байыркы Отырар цивилизациясы көпчүлүктүн көңүл чордонунда

Байыркы Отырар цивилизациясы көпчүлүктүн көңүл чордонунда

Байыркы Отырар цивилизациясы туристтерди өзүнө тартууда. Окумуштуу, ойчул Абу Насир Аль-Фараби туулган тарыхый шаарга өткөн жылы 400 миңден ашык турист келген. Бул тууралуу «Улуу Жибек жолу жана Отырар өрөөнүнүн орто кылымдардагы цивилизациясы» аттуу уникалдуу эстеликтерге толгон көргөзмөнүн ачылыш аземинде Отырар мамлекеттик археологиялык музей-коругунун мүдүрү Жангелди Макашев билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн борбор калаада байыркы шаардан атайын келген көчмө көргөзмө коомчулукка тартууланды. Анда эски буюмдардын 169 түрү коюлган. Музейдин мүдүрүнүн айтымында, музей фондунда азыркы учурда 25 миңге жакын экспонат сакталып турат. Көчмө көргөзмөнү аймактарды кыдыруу учурунда алар жаңылап, толуктап турушат.

Жангелди Макашев, Отырар мамлекеттик археологиялык музей-фонду мүдүрүнүн милдетин аткаруучу:

- Бул көргөзмө эки этаптан турат. Биринчи этап  9-12-кылымдагы Отырар цивилизациясын айкындап турган буюмдар. Экинчи этап – Отырардын моңголдор баскынчылыгынан кийинки гүлдөп-өнүгүшү. 2020-2022-жылдарга арналган 3 жылдык программа бар, бул Отырарды изилдөө, калыбына келтирүү жана сактоо. Ал быйыл жыйынтыкталат. Баш оона айында Атырау облусунда, аяк оона айында Батыш Казакстан Орал шаарында, облусттук чөлкөм таануу музейинде улантууну көздөп жатабыз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков