Павлодардын кимак-кыпчак дооруна таандык дөбөлөрүндөгү казуу иштери

Павлодардын кимак-кыпчак дооруна таандык дөбөлөрүндөгү казуу иштери

Павлодар окумуштуулары облус борборуна жакын жерден дөбө табышты. Быйылкы археологиялык мезгилде дөбөлөр параллелдүү изилденип жатат. Адистердин айтымында, кимак-кыпчак дооруна таандык. Бул мезгилдеги тарыхый эстеликтер 9-10-кылымдарда пайда болгон деген божомол бар. Мурда бул жерден жибек кездемелер да табылган. Башкача айтканда, мында  бай адамдардын сөөктөрү коюлушу мүмкүн.

Елена Тушева, археолог:

- Көчмөндөрдүн архитектурасы жөнүндө маалымат өтө аз. Бул боштук ушундай дөбөлөрдү изилдөө менен толукталат. Биз көп жылдан бери Кимак шаарларын изилдеп келебиз. Бирок некрополдор гана табылып жатат. Бул көчмөн шаар болушу мүмкүн.

Окумуштуулардын айтымында, дөбөлөрдүн ичинде архитектуралык объектилер болушу мүмкүн. Казуу иштеринин экинчи этабы топурактын саздуу бөлүгүн изилдөө. Азырынча кыштын калдыктары табылды. Байыркы эстеликтер таланып-тонолгонуна карабай, тарых үчүн актуалдуулугун жоготпой келет. Бул ишке студенттер, тарыхчылар да катышууда.

Ерасыл Кажатолла, окуучу:

- Биз экспедиция учурунда Кимак чебин изилдеп жатабыз. Археология туризм менен тыгыз байланышы болбосо да, абдан кызыктуу. Бүгүнкү күнгө чейин Баянауыл, Екибастуз, Павлодар шаарлары боюнча изилдеп чыктык.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков