Түрк дүйнөсүнө орток окуу китептери иштелип чыкты

Түрк дүйнөсүнө орток окуу китептери иштелип чыкты

Түрк дүйнөсүнө орток окуу китептери иштелип чыкты. Борбор калаада Түрк академиясынын окумуштуулар кеңешинин бешинчи жыйынында биргелешкен иш боюнча акыркы чечим кабыл алынды. Тактап айтканда, түрк элдеринин XV кылымга чейинки тарыхын камтыган окуу китеби, жалпы түрк адабияты боордош өлкөлөрдүн географиясын, тамыры терең маданий-руханий баалуулуктарын чагылдырган. Бул окуу китептери эми Казакстан, Азербайжан, Түркия жана Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн факультативдик программа катары окутулат.

Дархан Кыдырали, Эл аралык Түрк академиясынын башчысы:

- Бул окуу китептери 7-8-класстар үчүн. Ошондуктан, түшүнүктүү, жөнөкөй тил, карталар, сүрөттөр менен кооздолуп, заманбап стилде иштелип чыккан. Эл аралык Түрк академиясы тарабынан түзүлдү. Атайын серепчилердин, билим берүү министрликтеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда консенсус менен кабыл алынды. Окуу китептерин биздин жүз миңдеген жаш студенттерибиз окуйт деп эсептөөгө болот. Ошондуктан, түрк дүйнөсү тууралуу жалпы түшүнүк мектеп курагында калыптанып, жалпы баалуулуктарыбызды жаш муундарга даңазалоо эрте колго алынат.

Жыйындын жүрүшүндө биргелешкен окуу китептеринен тышкары түрк дүйнөсүнүн маанилүү инсандары жана окуялары мааракелеринин тизмеси, билим жана илим тармагындагы кызматташуу маселелери, илимий долбоорлор жана артыкчылыктар талкууланды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков