Казакстанда жок болуп бара жаткан жаныбарлардын биобанкы түзүлөт

Казакстанда жок болуп бара жаткан жаныбарлардын биобанкы түзүлөт

Казакстанда атайын биобанк пайда болот. Ал сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлар менен канаттуулардын 20 түрү жана өсүмдүктөрдүн 60ка жакын түрүн камтыйт. Долбоорду түзүү менен азыркы учурда борбордогу Улуттук биотехнология борборунун ата мекендик окумуштуулары алектенишүүдө.

Айгерим Акимжанова:

- Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун маалыматы боюнча бүгүнкү күндө жер бетинен жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн 40 миңдей түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат. Заманбап технологиялардын аркасында Улуттук биотехнология борбору криогендик тоңдурулган үлгүлөрдү сактайт. Келечекте алар флора жана фаунанын биологиялык ар түрдүүлүгүн жандандыруу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрүнүн клеткалары жана ткандары «тоңдурулган» же криоконсервациялоо азыркы күнү өзөк клетка лабораториясынын адистери тарабынан жүргүзүлүүдө. Биологиялык материалдын үлгүлөрү «криопротектордун» ичине жайгаштырылганга чейин бир нече маанилүү этаптардан өтөт, андан кийин алар атайын криосактоого же криобанкка узак убакытка жөнөтүлөт. Адистердин айтымында, анда суюк азоттун температурасында  - 196 градуска чейин бир нече ондогон жылдар бою сактоого болот.

Вячеслав Огай, Улуттук биотехнология борборунун  өзөк клетка лабороториясынын жетекчиси:

- Биз алгачкы этапта үлгүлөрдү криобанкта сактайбыз. Жалпысынан алганда, жол-жобосу бир нече этап менен жүзөгө ашырылат, башкача айтканда, айыл чарба өсүмдүктөрүн обочолонтуу, аларды өстүрүү жана алардын толук сыпатын алуу. Анда ондогон жылдар бою, атүгүл 50 жылга чейин сактоого болот. Негизи бул эмне үчүн жасалат? Мисалы, эгерде биз жаныбарларды клондоону кааласак, популяцияны калыбына келтиргибиз келсе, анда бул биологиялык материалды колдоно алабыз.

Ата мекендик окумуштуулар ийгиликтүү колдонгон жаңы биотехнологиялар келечекте акырындык менен же толугу менен жок болуу коркунучунда турган жаныбарлардын аман калышына мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, биобанкты түзүү учурунда эч кандай жаныбарлар жабыркаган эмес.

Ерлан Раманкулов, Улуттук биотехнология борборунун башкы мүдүрү:

- ДНК тирүү жана өлүк организмдерден алынат. Керектүү материалды ар кайсы жерден, ар кандай кырдаалда алабыз. Мисалы, зоопарктан болушу мүмкүн, анткени ал жерде ар кандай жоголуп бара жаткан жаныбарлардын түрлөрү бар. Ошондой эле, укук коргоо кызматкерлери браконьерлерди же контрабандачыларды кармаганда кызыл китепке кирген жаныбарлардан үлгү алууга да мүмкүндүк болот.

Өлкөнүн сейрек кездешүүчү жана жок болуп бара жаткан жаныбарлары менен канаттууларынын биринчи катарына марал, элик, бугу, тармал осьминог, талаа бүркүтү, кара аркар, Тянь-Шань күрөң аюусу жана башкалар кирген.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков