Казакстандын дизайнери улуттук кийимдин кичи моделдерин жасап жатат

Казакстандын дизайнери улуттук кийимдин кичи моделдерин жасап жатат

Кемсел, шөкүлө, элечек. Алматынын тургуну Гүлнара Хамза мончоктор жана таштар менен кооздолгон казактын уникалдуу улуттук кийимдерин тигет. Бирок ата мекендик сулууларды эмес, сувенирдик куурчактарды кийинтет. Дизайнердин айтымында, ал өз ордун таба алды. Анын эмгектери италиялык, немис, америка, кытайлык, австралиялык коллекционерлердин арасында популярдуу. Швейцариядан, Бельгиядан, Канададан, Орусиядан жана Сириядан келген коноктор да казактын улуттук кийимин кийген куурчактарды сатып алууга кызыктар.

Гүлнара Хамза, дизайнер:

- Мунун баарын башынан үйрөнүшүм керек болчу. Ар кандай идеялар келет. Мен баарын жасаганга аракет кылам. Кээде кино же театралдык спектакль көрүп жатканда өзүмө жаккан кийимдин үлгүсүн жасайм. Куурчактарга атайын кийимдерди тигүү оңой эмес, чыдамкайлыкты талап кылат. Бирок бул абдан кызыктуу жумуш. Мени негизинен сахнадагы образдар шыктандырат. Албетте, улуттук оймо-чиймелерди, тамыры терең салттык оймо-чиймелерди жасоого көңүл бурам. Менин куурчактарым дүйнөнү кыдырышат. Ошондуктан, нукура казак кийимдеринин өзгөчөлүгүн дүйнө жүзүнө жайылса дейм.

Чет элдик туристтердин кызыгуусу түшүнүктүү - дейт Гүлнара Хамза. Анткени, улуттук кийимдер Улуу Талаанын көп кылымдык тарыхынын жана маданиятынын чагылдырылышы. Дизайнер хоббисине бардык жоопкерчилик менен келгенин айтат. Ар бир оюм кол менен ар кандай стилде тигилет. Ал дагы өз колу менен зер буюмдарын, жасалгаларды жасайт. Татаал иштер болжол менен 10 күнгө созулат. Гүлнаранын мындан аркы максаты – өз өнөрканасын ачуу. Эркектердин улуттук кийимдерин жаратуу да пландалууда.

Гүлнара Хамза, дизайнер:

- Мен өзүмдүн чеберканамды ачкым келет. Бул бир эле иш эмес. Уникалдуу искусство чыгармалары. Аны колдоп, мени менен бирге өнүктүрөм дегендерди табуу кыйын. Анткени бул абдан оор жана сабырдуулукту талап кылат. Бир жерде көпкө отурууга туура келет. Азыркы кыйын заманда мындай адамдар аз.

Чебер учурда нукура тарыхты жана маданиятты чагылдырган дагы 8 сувенирди жасап жатат. Бул куурчактар ​​башка өлкөлөрдө да улуттук каада-салттарыбызды даңазалайт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков