Казакстанга кайтып келген мекендештер жаңы облустарга отурукташышы мүмкүн

Казакстанга кайтып келген мекендештер жаңы облустарга отурукташышы мүмкүн

Мекенине кайтып келген этникалык казактар ​​жаңыдан түзүлгөн аймактарда түтүн булатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги мекендештерди Абай жана Улытау облустарына жайгаштыруу боюнча токтомду ачык талкууга чыгарды. Жооптуу министрликтин маалыматына караганда, тарыхый мекенине кайтып келген мекендештер өлкөнүн 7 облусуна көчүрүлөт. Сунушталып жаткан документтердин тизмесинен Атырау облусу алынып салынды. Анын ордуна эки жаңы аймак кошулуп, жалпы саны 8 аймакка жетет. Бул жаңы жараяндын негизги максаты – өлкөдөгү демографиялык абалды жакшыртуу.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков