Бурабайга келген туристтердин саны жылдан жылга көбөйүүдө

Бурабайга келген туристтердин саны жылдан жылга көбөйүүдө

Көкшетаудагы Бурабай улуттук курорттук аймагына келгендердин саны быйыл да артуусу күтүлүүдө. Буга туристтик аймактагы эс алуучулар үчүн сунуштардын көбөйүшү өбөлгө болот. Жылкыны алгач колго үйрөткөн ботайлыктар жөнүндө баяндаган ачык асман алдындагы музейдин кызматкерлери быйылкы сезондо 6-7 миңден ашык туристти тартууга даяр. Уникалдуу комплекс ата мекендик археолог Виктор Зайберттин Түндүк Казакстан облусуна жүргүзгөн эмгегинин натыйжасы. 7 түрдүү үйдөн турган музей байыркы энеолит доорунан кабар берет.

Юлия Железнова, Ботай-Бурабай музейинин экскурсоводу:

- Бүгүнкү күндө биздин музейге 1000ге жакын адам келди. Жарандар чоң кызыгуучулук артышууда, анткени алар бул үйлөр эмне экенин, ичинде эмне бар экенин так билгиси келет. Чынында, абдан өзгөчө музей, ачык мейкиндикте, бирок жер астында жайгашкан уникалдуу жер. Ошон үчүн элдин кызыкчылыгын актап жатат.

Туристтер үчүн эң жагымдуу объекттердин бири – интерактивдүү мультимедиялык комплекс. Бул жерден Самрук кушунун бийиктигинде өлкөнүн бардык аймактарына виртуалдык саякат жасоого болот. Ал эми «Түбөлүк өлкө» залы казак элинин тарыхынан кабар берет. Ал жерден «Өмүр дарагы» аркылуу ар бир казактын уруу-тайпалык курамы тууралуу кеңири маалымат ала аласыз.

Бурабай кооз аймак гана эмес, санаторийлерге жык толгон жер экени баарына маалым. Азыр биз дал ушул санаторийлердин биринде турабыз. Бул жердеги өзгөчөлүк темгил түстүү кийиктерде. Алар менин артымда турат. Мүйүздөрүнөн негизинен адамдын ден соолугуна пайдалуу түрдүү витаминдер алынат. Ал эми кийиктерге келе турган болсок, алар дал ушул аймакка өлкөнүн чыгышынан атайын алынып келинген. Бүгүнкү күндө алардын бул жердеги саны 300гө жакын.

Аталган чарбада маралдарды багуу 2015-жылы башталган. Ошондон бери санаторияга келгендер ар кандай ооруларды, анын ичинде иммунитетти көтөрүү, ден соолукту калыбына келтирүү үчүн келишет - дешет адистер.

Михаил Ионов, мал доктур:

- Көптөр маралдардын мүйүздөрүн кесүү жараянын жаныбарларга зыян келтирүү менен барабар деп эсептешет. Бул чоң жаңылыштык. Жараян алар үчүн пайдалуу деп да айта алам. Себеби биз жаныбардан 200 млден ашык кан албайбыз. Башкача айтканда, бул дарылоо чарасы болуп саналат. Кан алгандан кийин, тескерисинче, жаныбарлардын зат алмашуусу жакшырып, булчуң массасы көбөйөт. Мүйүздөн түрдүү тундурмалар, шорпо жана пантокрин жасалат. Алар ден соолукту калыбына келтирүү жана иммундук системаны чыңдоо үчүн алмаштырылгыс каражат болуп саналат.

Белгилей кетсек, Бурабай улуттук паркы 2000-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ал Казакстандын эң популярдуу туристтик багыттарынын бири.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков