Казакстанда жаштарга арналган жаңы мобилдүү тиркеме жасалууда

Казакстанда жаштарга арналган жаңы мобилдүү тиркеме жасалууда

Казакстандагы жаштар мамлекеттик долбоорлор, гранттар, стипендиялар жана бош орундар тууралуу маалыматты мобилдик тиркеме аркылуу ала алышат. Анын ичинде билимин сынап көрүүнү каалагандар үчүн тестирлөө системасы да болот. Учурда платформаны түзүүнүн үстүндө өлкөнүн бардык аймактарынан IT адистеринин 30 командасы иштеп жатат. Бул үчүн аларга эки гана күн берилген. Андан соң калыстар тобу өз чечимин жарыялайт. Жеңүүчүлөр тиркемесин андан ары өркүндөтүү үчүн 3 миллион теңгеге ээ болушат. Мамлекеттик органдар дагы жаштарга тиркемени жайылтууга жардам беришет.

Илияс Түстикбаев, Казакстан студенттер альянсынын төрагасы:

- Бул сумма мобилдик тиркеме боюнча сынактан жеңген жана интернет-дүкөндөрүнө жүктөө менен долбоорду бүтүргөн командага берилет. Мобилдик тиркемени бир жылдын ичинде ишке киргизүү мерчемделген. Бул быйылкы менен эле токтобой уланат деген үмүттөбүз.

Кайрат Баймолдинов, Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министрлигинин жаштар жана үй-бүлө иштери комитети төрагасынын милдетин аткаруучу:

- Биз бул тиркемени жаштардын ресурстук борборлору аркылуу элге жүктөйбүз. Анда мамлекеттик колдоонун бардык чаралары тууралуу маалымат берилген. Билим берүү, ишке орноштуруу, социалдык колдоо программаларына катышууну каалаган ар бир жаш адам бардык байланыш маалыматын ушул платформа аркылуу ала алат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков