Сирия боюнча Астана жараяны

Сирия боюнча Астана жараяны

Сирия боюнча Астана жараянынын бардык тараптары кулжа айынын 15-16да Нур-Султанда өтө турган сүйлөшүүлөргө катышаарын ырасташты. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, аларга кепил мамлекеттер – Орусия, Түркия жана Ирандын делегациялары, ошондой эле Сирия өкмөтү жана Сириянын куралдуу оппозициясы катышат. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде өлкөдөгү кырдаал, анын ичинде гуманитардык жана социалдык-экономикалык абал, Сириянын Конституциялык комитетинин Женевадагы ишин кайра жандандыруунун келечеги, ишенимди чыңдоо, барымтадагыларды бошотуу жана дайынсыз жоголгондорду издөө,  качкындардын мекенине кайтып келиши үчүн шарттарды түзүү маселелери бар. Кулжа айынын  15де кепил болгон өлкөлөрдүн өкүлдөрү талдоочулук деңгээлде эки тараптуу жана үч тараптуу консультацияларды өткөрүүгө ниеттенүүдө, ал эми 16сында бардык тараптардын катышуусунда пленардык жыйын белгиленген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков