Казакстан менен Түштүк Корея билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

Казакстан менен Түштүк Корея билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

Кореянын университеттери Казакстандын таланттуу студенттерине мамлекеттик гранттарды берүүгө даяр. Өз кезегинде Түштүк Кореядан келген 20 студент жаңы окуу жылында өлкөдөн акысыз билим алышат. Жакында эки өлкөнүн билим берүү министрликтеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бакыт Дүйсенбаев, Казакстандын Корея Республикасындагы  атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Бүгүнкү күндө Корея Республикасы биз үчүн Азиядагы гана эмес, дүйнөдөгү негизги өнөктөштөрүбүздүн бири. Мисалы, Корея учурда Казакстандын соода өнөктөшү арасында 4-орунда. Ошондуктан, менимче, азыр бул аймакты камтууга ылайыктуу учур деп ойлойм. Биз индустриялаштыруу программасынын алкагында инженердик жана автоунаа инженерлерин даярдоого кызыктарбыз. Буга чейин эле  Казакстанда кореялык унааларды чыгарган жана чогулткан бир нече унаа транспорт заводдору болгон.

Казакстандын беш жогорку окуу жайы Сеул улуттук университети менен кызматташуу келишимине кол коюшту. Ага ылайык, ЖОЖдун студенттери Түштүк Кореяда академиялык алмашуу программасынын алкагында билим ала алышат. Жакында университеттин филиалын Казакстанда ачуу маселеси каралып жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков