Жыл соңуна карата Казакстандын үч шаарында 5G байланышы ишке кошулат

Жыл соңуна карата Казакстандын үч шаарында 5G байланышы ишке кошулат

Жыл аягына чейин Казакстандын үч шаарында 5G технологиясы ишке киргизилет. Бул тууралуу Казакстандын Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигине шилтеме кылып «Казинформ» билдирди. Жаңы форматтагы байланыш мамлекеттик маанидеги Нур-Султан, Алматы жана Шымкент шаарларында киргизилет. Бүгүнкү күндө борбор калаадагы Astana Hub Эл аралык IT стартаптар технопаркынын аймагында пилоттук 5G технологиясы кошулган. Алматы жана Шымкент шаарларында базалык станциялар аныкталып, учурда техникалык сыноодон өтүүдө. Ал эми облус борборлорунда 5G байланышын кошуу 2023-2025-жылдарга пландалып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков