Казакстанда жаштарга санариптик платформа иштелип чыгышы мүмкүн

Казакстанда жаштарга санариптик платформа иштелип чыгышы мүмкүн

Казакстанда жаштар үчүн санарип платформасы иштелип чыгышы мүмкүн. Анда алар жарандык коомду өнүктүрүү, мамлекеттик аппаратты реформалоо, ошондой эле жеке бизнесин ачуу боюнча өз идеяларын сунуштай алышат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Ералы Тогжановдун жаштардын түрдүү бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды. Жыйындын жүрүшүндө башка да маселелер талкууга алынды. Алардын бири алдыдагы референдумга байланыштуу болду.

Ералы Тогжанов, Казакстандын премьер-министринин орун басары:

- Бүгүнкү күндө жаштардын көтөрүп жаткан негизги маселеси ушул референдумга байланыштуу. Ага жаштардын катышуусу жөнүндө. Мен бүгүн алар кандай өзгөрүүлөр болоорун жакшы билишээрин байкадым. Экинчиден, бул программага байланыштуу чечимдерди кабыл алуунун жолдору аныкталган. Бир аз чечилбеген маселелер да бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков