Казакстанда ички туристтердин саны 50 пайызга өстү

Казакстанда ички туристтердин саны 50 пайызга өстү

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө ички туристтердин саны 50 пайызга өстү. Бул 6,9 миллион адам. Аталган көрсөткүч пандемияга чейинки мезгилге салыштырмалуу 300 миң адамга көп. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында маданият жана спорт министри Даурен Абаев билдирди. Бирок анын айтымында, чет элдик туристтердин саны азайган. Тармак жетекчиси муну глобалдык коронавирустук эпидемияга байланыштуу деп түшүндүрдү.

Даурен Абаев, Казакстандын маданият жана спорт министри:

- Иле Алатоо, Көлсай, Шарын улттук парктарына келгендердин саны бир топ артты. Мисалы, Иле Алатоодо 2012-жылы саякатчылардын саны 4 миңден 430 миңге жеткен. 2020-жылга салыштырмалуу туристтик обьектилердин саны 172 бирдикке көбөйүп, 3686 мейманкананы камтыды. Бөлмөлөрдүн саны 193 миң орунду түздү. Келгендердин саны боюнча өлкөнүн бир катар аймактарында ички туристтердин саны өскөнүн көрүп жатабыз. Көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү карантинге чейинки мезгилге туура келет. 2021-жылы бул көрсөткүч 109 миллиард теңгени түзгөн.

Ошондой эле, министр 2021-жылы туризм тармагындагы ишкердикти өнүктүрүүдө улуттук долбоор боюнча 22 миң адамды иш менен камсыз кылуу пландалып жатканын, бирок бул көрсөткүч ашыгы менен аткарылганын, башкача айтканда 31 миң 680 миң адам иш менен камсыз болгонун билдирди. Долбоорго ылайык, быйылкы жылы кошумча 25 миң жаңы жумуш орундарын түзүү көздөлүүдө.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков