Референдумду өткөрүү учурунда коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча жарлыкка кол коюлду

Референдумду өткөрүү учурунда коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча жарлыкка кол коюлду

Өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык дарыгери жалпы элдик референдумда коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча жарлыкка кол койду. Документ добуш берүү учурунда инфекциянын жайылышын алдын алуу алгоритмин бекитет. Анын аткарылышын облустардын, республикалык маанидеги шаарлардын жана борбордун акимдери камсыз кылууга тийиш. Тактап айтканда, социалдык аралыкты сактоону камсыз кылуу менен референдумга катышуучулардын агымын жөнгө салуу зарыл. Ошондой эле, добуш берүү алдында жана күнү бою зарылчылыкка жараша үйлөр желдетилиши керек. Эске сала кетсек, азыркы учурда Казакстанда коронавирустун жайылышы боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Жалган куран айынан баштап республика «жашыл» зонага өткөн. Өлкө аймагында карантиндик чектөөлөр алынып салынган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков