Мамлекеттик жана коомдук ишмер Мырзатай Жолдасбеков 85 жашта

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Мырзатай Жолдасбеков 85 жашта

Мырзатай Жолдасбеков колунан калеми түшкөн эмес, түшпөйт дагы. Мындай пикирин белгилүү түрколог, филология илимдеринин доктору Мырзатай Жолдасбековдун шакирттери айтышат. Айта кетсек, бүгүн борбор калаада коомдук ишмер Мырзатай Жолдасбековдун 85 жылдыгына арналган «Түрк жазуусунун эстеликтери: тил, тарых жана маданият» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарага интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар жана анын шакирттери катышты. Алар түркологияны жараткан адамдын бийик инсандыгын, улуттун руханиятына кошкон салымын эскеришти. Белгилей кетсек, мамлекеттик жана коомдук ишмердин туулган күнүнө карата өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев куттуктоо телеграммасын жөнөткөн.

Тилеген Садыков, Тарых илимдеринин доктору:

- Анын эмгектери Казакстанга гана эмес, дүйнөлүк деңгээлде белгилүү. Мисалы, Орхон жазма эстеликтеринин чоң атласы жарык көрдү. Үч тилде басылып чыкты. Казак, орус жана англис тилдеринде. Муну менен биз түрк дүйнөсүн бүткүл Евразия мейкиндигине көрсөтө алдык десек жаңылышпайбыз. Жалпы эле илимий изилдөөлөргө Мырзатай Жолдасбековдун дагы деле салымы бар деп ойлойм.

Турсынхан Закен, Тарых илимдеринин доктору:

- Ал премьер-министрдин орун басары болуп жүргөн кезде, көз карандысыздыктын эң алгачкы мезгилдеринде чет өлкөдөгү казак диаспорасынын өкүлдөрүнө багытталган чоң иш-чараны жетектеген. Бул дүйнө жүзүндөгү казактардын биринчи курултайы. Менин оюмча, бул адамдын бүткүл өмүрү, жолу, принциби, казактыгы кийинки өзүнүн артынан келе жаткан жаш муундарга  үлгү деп ойлойм.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков