Референдумга даярдык жүрүүдө

Референдумга даярдык жүрүүдө

Казакстандын Конституциясына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча республикалык референдумда добуш берүү үчүн алыскы-жакынкы мамлекеттерде 65 шайлоо участкасы иштейт. Алардын үчөө Түркиянын Анкара, Стамбул жана Анталия шаарларында жайгашкан. Шайлоо участкалары дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жанында ачылган. Анда ал жакта билим алып жаткан үч миңге жакын казакстандык студенттер, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү менен туристтер добуш бере алышат. Буга кошумча, ден соолугуна байланыштуу шайлоого келе албагандар үчүн көчмө урна каралган.

Асан Мажитов, № 286 шайлоо участкасынын комиссия төрагасынын орун басары:

- Добуш берүү үчүн Казакстан жаранынын жарактуу жеке документи болушу керек. Анталия, Стамбулдагы башкы консулдугубуз жана элчилигибиз консулдукта каттоодо турган жарандарыбызга бул маалыматты жеткирүүдө. Биз өз тарабыбыздан Казакстандын жарандарын алдын ала жакынкы шайлоо участогуна байланышып, шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн маалымат берүүлөрүн суранабыз.

Тилек Махамбетжан, студент:

- Референдум өлкөбүз үчүн абдан маанилүү. Ал эми Казакстан Республикасынын жараны катары өз оюмду айтууну жарандык милдетим деп эсептейм. Мен досторум менен кулжа айынын 5де референдумга барам, өз пикиримди билдирем. Ал эми бардык мекендештерибизди добуш берүүгө чакырам.

Референдумга даярдык Брюсселде да кызуу жүрүп жатат. Казакстандын Бельгиядагы элчилигинин имаратынын эшиги мекендештер үчүн ачык. Шайлоо участкалары кулжа айынын 5де жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 7ден кечки 20:00гө чейин иштейт.

Тимур Султангожин, Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы:

- Учурдагы эсептөөлөр боюнча Бельгиядагы референдумга Казакстандын 200гө жакын жараны катышуусу мүмкүн. Башка мекендештерибиз болсо биздин консулдук бөлүмгө кайрылышын суранабыз. Алдыдагы референдум тууралуу маалыматты Фейсбукта жана интернет порталыбызда ошондой эле СМС аркылуу таратып жатабыз. Президент баштаган реформалар, Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси биздин жарандардын чоң кызыгуусун жаратууда, андыктан дагы көп адамдар келет деп күтөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков