КМШ туризм министрлеринин кезектеги жыйыны 2023-жылы Түркестанда өтөт

КМШ туризм министрлеринин кезектеги жыйыны 2023-жылы Түркестанда өтөт

Түркестан түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыяланышы мүмкүн. Мындай сунушту Казакстандын Маданият жана спорт вице-министри Ержан Еркинбаев Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин туризм министрлеринин Бакуда өткөн жыйынында билдирди. Тармак жетекчиси эзелтеден Түркестан бардык түрк элдеринин мекени болуп саналарын кошумчалады. Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарынын санын көбөйтүү, Жибек жолунун туристтик дараметин аныктоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Серепчилердин айтымында, Борбор Азия мамлекеттерине мерчемделген аралаш турлар популярдуулукка ээ. Катышуучулар негизги максат түрк дүйнөсүн маанилүү экономикалык, маданий-гуманитардык мейкиндикке айландыруу экенин белгилешти. Түрк мамлекеттеринин туризм министрлеринин кезектеги жыйыны 2023-жылы Түркестан шаарында өтө турган болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков