Маулен Ашымбаев Казакстандагы ЖОЖдорду аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жөндөмдүүлүгүн сынга алды

Маулен Ашымбаев Казакстандагы ЖОЖдорду аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жөндөмдүүлүгүн сынга алды

Парламент Сенатынын төрагасы Маулен Ашымбаев эмгек рыногу жана ЖОЖдор менен колледждердин бүтүрүүчүлөрүнүн квалификациясы боюнча маселени көтөрдү. Анын айтымында, экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун, дүйнөлүк банктын жана башка уюмдардын серепчилеринин изилдөөсүнө караганда Казакстанда жаштардын жөндөмдүүлүгү салыштырмалуу төмөн. Андыктан ата мекендик квалификациялуу адистер менен сапаттуу жумуш орундарын камсыз кылуу мезгили келди.

Маулен Ашымбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

- Мектепти кошпогондо ЖОЖ, колледждерди бүтүргөндөрдүн квалификациясы ачыгын айтканда, бир топ төмөн. Биз OECD өлкөлөрү бүтүрүүчүлөр менен атаандаша албай турганын көрүп жатабыз. Жогорку окуу жайын бүтүргөн жаштар андан ары квалификациялуу жумушка орношо алышпайт. Анан кайда барат? Базарга, курулушка, өзүн-өзү багууга кетет. Жаштар сапаттуу жумушка орношуусу үчүн биринчи кезекте бүтүрүүчүлөрүбүздүн, жаштардын квалификациясын жогорулатышыбыз керек. Тиешелүү эмгек жана билим берүү саясатын мерчемдеп, ишке ашырууда жаштар өз алдынча иштебей, сапаттуу жумушка орношуусу үчүн ЖОЖ жана колледждердин бүтүрүүчүлөрүнүн квалификациясын жогорулатышыбыз керек.

Сенаттын төрагасынын суроосуна вице-премьер-министр Ералы Тогжанов жооп берди. Анын айтымында, бүгүн Сенатта талкууланган «Калктын кирешесин жогорулатуу» программасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болочок адистердин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

Ералы Тогжанов, Премьер-министрдин орун басары:

- Программа ичинде алгачкы ирет “Менин кесибим – менин келечегим” аттуу ири долбоорду ишке ашыралы деп жатабыз. Павлодар шаарында апробациясы өткөн. Эми аны бүт Казакстан боюнча ишке ашырабыз. 7-класстан баштап балдардын келечекте кесип тандоосу боюнча бардык конкреттүү чаралар көрүлүп жатат. Бул жерде биз Германиянын, Сингапурдун, Түштүк Кореянын жана Орусиянын тажрыйбасын негизге алуудабыз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков