Бухарадагы эл аралык зергерлер фестивалына Казакстан чеберлери катышты

Бухарадагы эл аралык зергерлер фестивалына Казакстан чеберлери катышты

Бухарада алтын сайма жана зер буюмдардын эл аралык фестивалы өттү. Дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн кол өнөрчүлөр чогулган иш-чарада улуттук каада-салтты даңазалаган казак чеберлери өз өнөрлөрүн тартуулашты. Айта кетсек, алардын зер буюмдары өз стили менен таанылган. Маселен, Айжан Абдубаит азыр Түркестандагы Кожо Ахмет Яссауинин күмбөзүнө алтын жиптен жаңы жапкыч жасап жатат. Ал жарым жылдын ичинде эмгегинин үчтөн бир бөлүгүн токууга жетишкен.

Айжан Абдубаит, Кол өнөр чебери:

- Тарыхыбызга кайрылсак, бул унутулуп бара жаткан өнөр экен. Ошондуктан мен 1988-жылы СССРдин Сүрөтчүлөр союзуна кирдим. Анда эмгектендик. Ошол учурга ылайыктап сүрөт тарттык. Мына эми биздин казак өнөрү турганда аны изилдеп, кайра жандандырып, келечек муунга жеткирүү үчүн 30 жылымды арнадым.

Казакстандык чебер Икрам Мухамеджан күмүштөн жасалган зер буюмдарын көпчүлүктүн назарына сунуштады. Зергер өз ишинде байыркы оймо-чиймелердин сырларына канааттанып, аларды туура колдонууга көңүл бурат.

Икрам Мухамеджан, Сүрөтчү, зергер:

- Ар бир оймо-чийменин мааниси бар. Маселен, кочкор мүйүздүн оюму – кочкор мүйүз деп аталт. Ал гүлдөп-өнүгүүнү, байлыкты жана молчулукту, бийликтин тең салмактуулугун билдирет. Жалаң жаш кыздар тагынган шакектер да бар. Ал эми улгайган аялдар башкаларын тагынышат. Жасаган иштеримдин арасында «Шаңырак» деген шакек бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков