Пандемия шартындагы билим

Пандемия шартындагы билим

«Пандемия учурунда мектептерди жабуу туура эмес болду». Лондондо өткөн дүйнөлүк билим берүү форумунда сүйлөгөн серепчилер дал ушундай жыйынтыкка келишти. Улуу Британиянын өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулган иш-чарага казакстандык делегация да катышып, ковидден кийинки билим берүү системасын өркүндөтүүнүн жолдорун талкуулашты. Дүйнөнүн 115 өлкөсүнүн талдоочулары билим берүүнүн сапатын жана инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жаңы сунуштары менен бөлүшүүдө.

Эрик Лори, Британ кеңешинин Казакстан жана Борбордук Азия боюнча мүдүрү:

- Бул билим берүү мекемелеринин биринчи жетекчилери менен тажрыйба алмашуу жана байланыш түзүү мүмкүнчүлүгү. Эң негизгиси, биз бири-бирибизден үйрөнүп, жетишкендиктерибизди салыштырып жатабыз. Бул жолугушуу өзгөчө мааниге ээ болот, айрыкча ковидден кийин. Анткени пандемия учурунда көптөгөн мамлекеттердин билим берүү тутумундагы сапат төмөндөп кеткени ырас.

Казакстан пандемия шартында билим берүүнүн сапатынын деңгээлине ЮНИСЕФ менен биргеликте талдоо жүргүздү. Анын жыйынтыгы чыгарыла элек.  Бирок, алгачкы жыйынтыктар көңүл жылытаарлык эмес дешет серепчилер.

Магжан Амангазы, «Маалыматтык талдоо борбору» АК башкарма төрагасынын милдетин аткаруучу:

- Мугалимдерден сурамжылоо алып баштадык. Анын алгачкы жыйынтыктарын карап жатып, мугалимдер пандемия учурунда балдардын билим сапаты төмөндөгөнү жөнүндө бизге айтып жатышат. Экинчи багыт окуучулардын белгилүү бир окуу жылында алган баалары пандемияга чейин, пандемия учурунда жана пандемиядан кийинки ушул үч мезгилди алып салыштырабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков