Домбра сабагы Гиннестин рекорддор китебине кириши мүмкүн

Домбра сабагы Гиннестин рекорддор китебине кириши мүмкүн

Борбордогу интеллектуалдык мектеп Гиннестин рекорддор китебине кириши мүмкүн. Билим уясынын быйылкы окуу жылындагы соңку сабагына 1032 окуучу катышкан. Рекорд «эң масштабдуу домбра сабагы» аталышы менен катталат. Аны өлкөнүн эмгек сиңирген искусство ишмери Айтжан Токаев өткөрдү. Улуттук аспапты мыкты өздөштүргөн студенттер ар кандай чыгармалардын келип чыгуу тарыхы жөнүндө лекцияларды угушту. Келген коноктор окуучулардын аткаруусунда «Сарыарка», «Балбырауын», «Эркем-ай», «Кеңеш», «Жаштар бийи» күүлөрүн угушту.  Гиннесстин рекорддор китебинин өкүлү болуп келген 25 стюард менен 2 байкоочу иш-чараны онлайн режиминде көзөмөлдөп, видеого тартышты.

Гүлдана Бенова, Күбө:

- Миңдеген балдардын саны толук болдубу? Мунун бардыгын карап, көзөмөлдөдүк. Биз ар бир адамды бир катар үчүн жооптуу кылдык. Ошол катарды карап отурдук. Азыр бүттү, эч нерсе байкалган жок. Баары туура өттү, балдардын бардыгы катышып, домбралар менен ойноп отурушту, баары жакшы өттү.

Күлаш Шамшидинова, «Назарбаев интелектуалдык иектеби» Билим берүү уюмунун төрагасы:

- Былтыр мектепке ушундай идея келген. Анан Гиннестин рекорддор китебине кат жаздык. Алар биздин катыбызды кабыл алышты. Ошондон кийин жалпы сабак катары өтсүн дешти. Жалпы улуттук аспапта ойногондордун эң көбү 250 деди, биз бардык мектеп окуучулары ойнойт дедик. Биздин негизги максатыбыз балдарыбыздын кулагында чертилген домбранын үнү угулуп, кийин улуу талааны, мекенин, туулган жерин ар дайым эсине салып турган, өлкө үчүн эмгектенген муундарды тарбиялоо.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков