Казакстанда алгачкы АЭС 2035-жылы пайда болот

Казакстанда алгачкы АЭС 2035-жылы пайда болот

2035-жылы Казакстанда электр энергиясынын тартыштыгы 40%ды түзөт. Эскилиги жеткен жабдууларды эксплуатациядан чыгарууга байланыштуу ата мекендик электр тутуму 8 гигаватт кубаттуулуктан айрылат. Белгилей кетсек, адистер жабдуулардын жарымынан көбү 2020-жылы жараксыз болуп калгандыгын билдиришти. Ошондуктан, тармактын адистери АЭС куруу электр энергиясынын тартыштыгын чечүүнүн негизги жолу деп эсептешет.

Тимур Жантикин, «Казакстандын атом электр станциялары» АК башкы мүдүрү:

- Ушул 6 технологиянын ичинен техникалык-экономикалык негиздемени улантуу үчүн конкреттүү бирин тандап алышыбыз керек. Бул документ биринчи этапта туруп калды, анткени станциянын жайгашкан жерине, станцияга байланыштуу милдеттеме бар. Ал эми инженердик-изилдөө иштери станциянын конкреттүү долбоору боюнча жүрүп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков