Сиверс алмасынын гүлдөө өнөктүгү жайылса, Казакстандын туристтик дарамети өсүшү мүмкүн

Сиверс алмасынын гүлдөө өнөктүгү жайылса, Казакстандын туристтик дарамети өсүшү мүмкүн

Алматы облусунда туристтер үчүн уникалдуу тур топто иштелип чыкты. Чет элдик коноктор миллиондогон жылдар мурун артка чегинип, өткөн чакка саякат жасашты.  Жер бетиндеги бардык алма бактарынын түпкү атасы-Сиверс алма дарагы менен таанышкан. Байыркы жемиш дарагы бүгүнкү күндө Казакстандын Улуттук брендине айланган. Муну менен миңдеген туристтердин кызыгуусун жаратты. Өнөр жай адистеринин айтымында, бул жараянды оптималдуу, айрыкча Сиверс алмасы гүлдөгөн мезгилде колдонсо болот. Буга Жапония мисал. Сакура бүчүрлөрүнүн кандай гүлдөй турганын көрүү үчүн жыл сайын дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар таңкы шүүдүрүм өлкөсүнө агылып келишет.

Марат Кабиев, «Жуңгар-Алатау» мамлекеттик жаратылыш паркынын башчысы:

- Чет элдиктер биздин өлкөнүн табиятын, архитектурасын көрүү үчүн келишет. Бардык алмалардын түпкү атасы Сиверс алмасынын гүлдөгөнүн көрүү үчүн келген туристтер аз эмес. Ал гүлдөгөндө ушунчалык кооз болгондуктан, таң калбай кое албайсың. Өзүңүз көрүп тургандай тоонун боору, ак, кызгылт түстүү көйнөк кийип алгандай. Быйыл Сиверс алмасынын гүлдөгөнүн биринчи көргөн коноктордун кубанычында чек болбоду.

Туризм жана маалымат борборунун адистеринин айтымында, саякатчылар алма багына алып барган жолду белгилүү издөө системаларында жайгашкан картадан таба алышат. Бул туристтерге каалаган жерине барып, жаратылышка суктанууга мүмкүнчүлүк берет.

Даулет Есеналиев, Алматы облусу туристтик маалыматтык борборунун мүдүрү:

- Акыркы үч жылдан бери биз туристтик өнүмүбүздү карталарыбызда жигердүү түрдө санариптештирип келе жатабыз. Биз кооз жерлер жөнүндө маалыматты, ошондой эле табигый туристтик жайлардын панорамалары түрүндөгү маалыматты жайгаштырабыз. Ошондуктан туристтер Алматы облусунун аймагында болуп, аталган кызматтардан пайдаланып, ал жакка оңой каттам боюнча тез жете алышат.

Казакстандын баа жеткис мурасы-өлкөнүн аймагында миллиондогон жылдар мурун пайда болгон Сиверс алма дарагы Жунгар-Алатау улуттук паркында 4000 гектар аянтты ээлейт. Жемиш бактарынын генофондун сактоо максатында бакча аймактарын үзгүлтүксүз кеңейтүү иштери жүргүзүлөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков