Быйыл 170 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Быйыл 170 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Быйыл өлкө боюнча 170 миңден ашуун бүтүрүүчү мектепти аяктайт. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, туруктуу эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мектеп менен коштошуу майрамы салттуу форматта өтөт. Артыкчылык менен окуган 8 миң 139 бүтүрүүчү алтын белги төш белгисине талапкер катары катталды. Министрлик аттестатты тапшыруу аземи кулжа айынын 16-17не белгиленгенин мерчемдегенин маалымдады. Ошондой эле бүтүрүү кечесин бул жылы билим берүү уюму өзү уюштурат. Иш-чараны өткөрүү үчүн жеке студияларды ижарага алууга, аниматорлорду, агенттиктерди, артисттерди тартууга, майрамдык стол жайууга, автоунааларды ижарага алууга, экскурсияга чыгууга, белектерге каражат чогултууга, көңүл ачуучу жайларда көңүлдүү кечелерди уюштурууга тыюу салынат. «Бүтүрүүчү 2022 - Жаңы Казакстандын эртеңи» долбоорунун алкагында акыркы коңгуроо милдеттүү түрдө мектептерде гана уюштурулушу керек. Салтанаттуу иш-чара бугу айынын 25не белгиленип жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков