Малайзиялык күйөрмандар Димаштын туулган күнүн белгилешти

Малайзиялык күйөрмандар Димаштын туулган күнүн белгилешти

Димаштын малайзиялык күйөрмандары сүйүктүү аткаруучунун туулган күнүн белгилешти. Ырчынын чыгармачылыгына күйөрмандык кылгандар аталган күнү онкологиялык ооруга чалдыккан балдарга кайрымдуулук акция уюштурушту. Иш-чара Джорджтаун шаарындагы ооруканада өттү.  Оор илдет менен күрөшүп келген кичинекей бейтаптарга оюнчуктар, сувенирлер жана жеке гигиена каражаттары белекке берилди. Ал эми Казакстан элчилигинин өкүлдөрү балдарга жана фан-клубка өлкөдөн кабар берген эстелик белектерди тапшырды. Адатта, майрамдык дасторконго Димаш тартылган торт коюлду. Эске салсак, бүгүн дүйнөнү өзүнүн кайталангыс үнү менен багындырган казакстандык ырчы 28 жашка толду.

Азуа Али, Димаштын фан-клубунун админстратору:

- Димаш – бардык адам бири-бирине камкор болгон бүтүндөй дүйнөнү көрүүнү эңсеген абдан урматтуу казакстандык ырчы. Анын ырларындагы чакырыктар көптөгөн адамдардын жүрөгүнө жылуулук берип, аларды жакшы иштерге шыктандырат. Димаш балдарды жакшы көрөт, колдойт, анткени алар биздин келечегибиз. Анын туулган күнүнүн урматына биз жана анын күйөрмандары онкология илдетине чалдыккан балдарга колдоо көрсөтүп, аларга белектерди жибердик. Бул аркылуу биз аз да болсо сүйүү жана бактылуу учурду тартуулоону чечтик. Көңүлдөрү көтөрүлүп, жүздөрүн күлкүгө бөлөп, тезирээк айыгып кетсин деген ниетте биз ушундай чараны колго алдык.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков