Президент Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Ускенбаевди кабыл алды

Президент Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Ускенбаевди кабыл алды

Казакстандын тоо-кен өндүрүшү боюнча 118 лицензиялык иш токтотулуп, 57 келишим жоюлган. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Ускенбаев президент Касым-Жомарт Токаевге өлкөдөгү жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн жыйынтыктары жана министрликтер аткарган иштер тууралуу маалымат берди. Президент өлкөдө автоунаа жолдорду салуу маселеси өзгөчө көзөмөлгө алынарын эскертти. Буга кошумча, Касым-Жомарт Токаев коңшу мамлекеттер менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, министрге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков