Нур-Султан шаарында «Түрк жебеси» аттуу көргөзмө ачылды

Нур-Султан шаарында «Түрк жебеси» аттуу көргөзмө ачылды

Умай энеден башталган түпкү тарых жана заманбап Казакстандын бүгүнкү элеси. Борбор калаанын аскердик-тарыхый музейинде казакстандык сүрөтчү Ерлан Айтуаровдун «Түрк жебеси» аттуу жеке көргөзмөсү ачылды. Ата мекендик кылкалем чебери 50 жылдык чыгармачылык жолун тарыхый чыгармаларга арнаган. Ошондой эле, келүүчүлөр бир ай бою портрет жана пейзаж жанрындагы уникалдуу чыгармалар менен тааныша алышат. Жалпысынан 80ге жакын эмгек келип түшкөн. Эми автор өлкөнүн маданиятын чет өлкөлөргө кеңири жайылта турган жеке көргөзмөсүн уюштурууну көздөп жатат. Бүгүнкү күндө Ерлан Айтуаровдун тандалган сүрөттөрү жергиликтүү жана чет элдик көргөзмөлөргө коюлууда. Анын бир катар эмгектери Казакстан, Орусия, Франция, Израил жана Германиянын жеке коллекцияларында сакталып турат.

Ерлан Айтуаров, Сүрөтчү, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери:

- Мен 40 жылдай тарых сабагын изилдеп келем. Аны баштоо абдан кыйын, эмне үчүн? Көп окуп, көптү билүү кажет. Архивке кайрылыш керек. Экспедицияларга чыктым, баарын көрдүм, экмпонаттарды колум менен кармап, Алтын адамдан баштап, Алтайда болдум. Эмне үчүн буларды жасадым? Бул биздин тарыхыбыз, ата-бабабыз. Аларды эсте калтыруу керек деп кыялдандым.

Ермухан Жүнисхан, Казакстандын көркөм академиясынын вице-президенти, маданият ишмери:

- Бул адамдын өзгөчөлүгү, албетте, кол тамгасы, түстөрүнүн байлыгы. Ошол эле учурда бул бир гана өң-түсүнө эмес, сүрөтчүнүн ички дүйнөсүн ачып бере алгандыгынан да көз каранды. Бул жерде сүрөтчүнүн мекенине, жерине болгон сүйүүсү даана көрүнүп турат. Атап айта турган болсок, өзүнүн туулган жери Казакстандын кооз жаратылышын чагылдыруу менен бирге, өлкөбүздүн жетишкендиктери, түпкү тарыхыбыздан кабар берген чоң эмгектери бар.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков