Казакстанда «медициналык поезддердин» иши кайрадан жанданды

Казакстанда «медициналык поезддердин» иши кайрадан жанданды

Казакстанда бугу айынын 23нөн тарта «Медициналык поезддер» жүрө баштайт. Алар өлкөнүн 150гө жакын станциясын камтыйт. Акысыз медициналык жардам өлкөнүн эң алыскы тургундарына жеткиликтүү. Белгилей кетсек, Казакстан боюнча эки поезд каттайт. Алгачкы  «Жардам» поезди Алматыдан жолго чыгып, жетинин айынын 6на чейин жолдо жүрөт. Ал Кызылорда, Атырау, Мангыстау, Түркестан, Жамбыл жана Батыш Казакстан облустарын камтыйт. Экинчи «Саламаттуу Казакстан» кулжа айынын 20нан жетинин айынын 2си аралыгында болот. Ал Алматы, Костанай, Караганды, Павлодар, Чыгыш жана Түндүк Казакстан аймактарын аралап өтөт.

Ербол Кенгербаев, «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясы АК социалдык долбоорлор фондунун мүдүрү:

- Адистештирилген медициналык поезд 8 вагондон турат. Милдеттүү вагондордун ичинде – ресторан вагону,  дизель – генератордук аппараты бар вагондор. Экинчиси, авариялык абал жаралса, чакан калктуу-конушту электр энергиясы менен камсыз кыла алат. Кошумчалай кетсек, медициналык поезддин төрт вагону тийиштүү кам көрүү үчүн жооптуу адистештирилген жабдуулар менен толук жабдылган, ал эми эки вагону дарыгерлер үчүн атайын жасалган. Анда кызматкерлердин жашоосу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Жолдо жүрүүчү медициналык кызматкерлердин курамында 30дан ашык адис  бар. Алардын арасында терапевт, стоматолог, офтальмолог, маммолог жана хирургдар болот. Кызматтар кепилденген акысыз медициналык жардамдын жана Милдеттүү социалдык медициналык камсыздандыруу топтомунун алкагында көрсөтүлөт. Жашоочулар клиникалык дарыгерлердин жолдомосу жок эле адистер тарабынан түздөн-түз текшерүүдөн же скринингтен өтө алат.

 

 Которгон: Илгиз Жамалбеков