Кытайдан Европага барган жаңы темир жол багыты Казакстан аркылуу өтөт

Кытайдан Европага барган жаңы темир жол багыты Казакстан аркылуу өтөт

Казакстандын транзиттик дарамети өсүүдө. Кытайдан Европага дагы бир темир жол Казакстан, Азербайжан, Грузия жана Румыния аркылуу өтөт. План боюнча аны даниялык компания ишке киргизет. Коридордо жеткирүү чынжырынын туруктуулугун камсыз кылган ачык өтмөк бар. Жүк ташуучу поезд Кытайдан Европага 40 күндө жетет. Бул тууралуу «Railway Supply» тармактык басылмасы билдирди. Белгилей кетсек, жаңы маршрутту өнүктүрүү жалган куран айында башталып, чын куран айында алгачкы поезд жолго чыкты. Евразия өнүктүрүү банкы серепчилеринин айтымында, евразиялык коридорлор «Түндүк-Түштүк» багытындагы контейнердик жүк ташуулардын 40%га жакынын камсыздай алат. Ал эми 2030-жылга карата дан өсүмдүктөрүн сатуунун эсебинен жүк ташуу көлөмү болжол менен 12 миллион тоннага жетиши мүмкүн.

 

Которгон: Илгиз Жамалабеков