Жаштар саясатын жаңыртуу

Жаштар саясатын жаңыртуу

Казакстандагы жаштар саясаты чоң модернизацияны талап кылат. Бул тууралуу парламенттик угууда Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев билдирди. Ал чукул, системалуу жана комплекстүү чечүүнү талап кылган бир катар курч социалдык-экономикалык маселелерди атады. Алардын бири бүтүрүүчүлөрдү өз адистиги боюнча ишке орноштуруу. Жаштар арасындагы расмий жумушсуздуктун деңгээли салыштырмалуу төмөн эмес, бирок көз карандысыз уюмдардын альтернативалуу изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары башкача.

Маулен Ашимбаев, Казакстан Парламенти Сенатынын төрагасы:

- 25-29 жаштагы респонденттердин 12%га жакынынын дагы эле туруктуу жумушу жок. Казакстанда жогорку билимдүү жаштардын 40%дан ашыгы өз кесиби боюнча иштебейт. Жумуш орундарын түзүүгө жана жаштардын тажрыйбасына бөлүнгөн жыл сайын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу боюнча суроолор бар. Аймактарды өнүктүрүүдөгү теңсиздик, ошондой эле айылдан шаарга агылып келүүсү жаштардын жумушсуздугун көбөйтөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков