Казакстандык каскадёрлор Ридли Скоттун Напалеон тууралуу тасмасына тартылды

Казакстандык каскадёрлор Ридли Скоттун Напалеон тууралуу тасмасына тартылды

Казакстандык каскадёрлор британиялык режиссёр Ридли Скоттун тасмасында роль жаратышты. Автобиографиялык тасма Наполеондун бийликке келишин баяндайт. Тасмада Бонапарттын жашоосу жана анын император катары бийликке келишинде жубайы Жозефина менен болгон мамилесинин ролу чагылдырылган. Тасманын бет ачары 2023-жылга белгиленген.

Жайдарбек Кунгужинов, Эл аралык Каскадерлор тобунун жетекчиси:

- Түрдүү трюктарды иштеп чыкты, негизинен ат үстүндө эмес, көбүнчө согуш, урушка катышты. Бет түзүлүштөрү европа жарандарына туура келбегендиктен, башында шектенүүлөр пайда болду. Биз азиатпыз, ошондуктан ал жерде француз, казак же англис актерлорунун ордуна ойношубуз керек болчу. Ошондуктан мен буйрутма берүүчүлөргө бир нече гримм менен тартылган каскадёрлордун сүрөттөрүн жибердим, анткени Орусиянын тасмаларына тартылган элек. Анан алар кубануу менен макул болуп, биздин команданы физикалык жактан жакшы даярдалганын айтып, бардык трюктарыбызды жогорку деңгээлде аткара турганыбызды айтты.

Команданын келечектеги пландары чоң. Жайдарбек Кунгужиновдун айтымында, учурда каскадерлор тобунун дагы бир нече долбоорлорго катышуусу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Белгилей кетсек, Nomad Stunts 20 жылдан бери «Мулан», «Неудержимые-2», «47 Ронин», «Монгол», «Викинг» тасмаларына, ошондой эле Netflix жана HBO стриминг кызматтары үчүн сериалдарга катышкан. Каскадерлор голливуд жана болливуддун алдыңкы студиялары, казак жана орус режиссерлору менен биргеликте иш алып барышат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков